Президент өкмөт менен өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалды талкуулады
- 2 года мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-мартта Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта кеңешмеде өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланганы айтылат.
Мекеменин маалыматына караганда, мамлекет башчысы кризиске каршы чаралардын планын, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана башка социалдык-экономикалык маселелерди чечүү боюнча өз убагында жана сапаттуу иш жүргүзүү зарылдыгын белгиледи. Жыйындын катышуучуларына бир катар конкреттүү тапшырмалар берилгени маалымдалды.
Муну бөлүшүү