Президент Малайзия падышасы менен премьер-министрин Кыргызстанга чакырды

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-июлда, Кыргызстанга расмий сапар менен келген Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадирди кабыл алды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда алар Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашты.

Мамлекет башчы кыргыз тарап эки өлкө ортосундагы саясий диалогду мындан ары бекемдөөгө чоң маани берерин белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешип иштөөгө даярдыгын, өлкөдө түзүлгөн чет элдик инвестициялар үчүн жагымдуу шарттарды белгиледи. Тактап айтканда, ал энергетика, туризм, айыл чарба жана маалыматтык технологиялар тармактарындагы эки тараптуу потенциалды белгиледи.

Учурдан пайдаланып, мамлекет башчы Малайзиянын падышасы Абдулла Ахмад Шахты жана Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагимди Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадир өз өлкөсүнүн жетекчилигинин Кыргызстан менен эки тараптуу кызматташтыкты кеңири чөйрөдө, анын ичинде соода, инвестиция, билим берүү жана туризм жаатында кеңейтүүгө жана бекемдөөгө умтулгандыгын баса белгиледи.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты