Президент өлкөнүн судьялар курултайына катышты
- 4 месяца мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта, Кыргыз Республикасынын судьяларынын XIII курултайына катышты.
Садыр Жапаров сот тутуму ар кыл саясий таасирлерден жана ар кандай тышкы кысымдардан толук түрдө көз карандысыз болушу шарт экенин айтты, анткени сот бийлиги – коомдогу туруктуулук менен мыйзамдуулуктун кепилдиги.
Президент мамлекеттин колдоосу аркылуу жетишилген бир катар маанилүү өзгөрүүлөрдү белгилеп өттү. Ал судьяларды ротациялоо системасынын киргизилиши оң натыйжаларды бере баштаганын айтты. Азыр ошол аймактарга которулган судьялар үчүн батирлер курулуп жатат.
Ошондой эле ал судьялардын айлык маянасы 100% көтөрүлүп, бул сот тармагына жогорку квалификациялуу адистерди тартууга бир топ стимул болгонун айта кетти. Мындан башка заманбап сот имараттары курулуп берилүүдө, бир катар аймактарда Адилеттүүлүк үйлөрү ачылды, ал эми Ош шаарында жаңы борбордун ачылышы пландалууда.
Коррупцияга каршы күрөш тууралуу айтып жатып, президент сот тутумундагы коррупция эң биринчи кезекте жалпы журтубуздун мамлекетке болгон ишенимин солгундатарын баса белгиледи.
Ал коррупцияга каршы күрөшүү жаатында киргизилип жаткан түзөтүүлөр жооптуу адамдардын коррупциялык мыйзам бузуу аракеттерин алдын алууга багытталганын белгиледи. Ал судьялар бул маселеге олуттуу мамиле жасаарына ишенимин билдирди.
Садыр Жапаров судьялардын курултайы өнүгүүнүн жаңы багыттарын аныктоо боюнча алгылыктуу, ишке аша турган реалдуу чечимдерди кабыл алат деген ишенимин билдирди. Ошондуктан курултайдын алкагында президент сот системасына алдыдагы үч жыл ичинде чечилиши керек болгон жаңы милдеттерди койду.
Таза иш алып барууну камсыздоо жана коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу максатында жаңы судьяларды тандоо системасын тез арада өркүндөтүү зарыл”, — деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Ал документтерди тапшыруунун электрондук системасын киргизүүну тапшырды. Судьялык кызматка талапкерлердин резервин түзүүнү тапшырам. Бул биринчи жолу дайындалган судьялардын кесиптик даярдыгы боюнча көптөгөн маселелерди чечүүгө өбөлгө болмокчу.
Ошондой эле мамлекет башчы мамлекеттик программанын алкагында жеке сот аткаруучулар институту түзүлө турган пландар жөнүндө айта кетти.
Сүрөт: president.kg