Президент Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен азык-түлүк, энергетика коопсуздугу маселелерин талкуулады

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 19-мартта, Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен жумушчу кеңешме болуп өттү.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат жарыяланды.

Маалыматта айтылгандай, Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуялардын фонунда Кыргызстандын улуттук коопсуздугун, анын ичинде азык-түлүк жана энергетика тармактарындагы коопсуздукту камсыз кылуу маселелери талкууланды.

Мындан тышкары Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмеси боюнча сунуштарды беришти.

Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдардын жетекчилерине, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине тиешелүү тапшырмалар берилди.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты