Президент КЭР Мамлекеттик Кеңешинин вице-премьери Ху Чуньхуаны кабыл алды

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-декабрда, Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Мамлекеттик Кеңешинин вице-премьери Ху Чуньхуаны кабыл алды. 

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын алкагында кыргыз-кытай мамилелерин мындан ары чыңдоонун актуалдуу маселелери талкууланды. 

Садыр Жапаров ийгиликтүү кызматташуунун мисалы катары үч тарап ишке ашырууга киришип баштаган «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу ири транспорттук долбоорун атады. 

Өз кезегинде КЭР Мамлекеттик Кеңешинин вице-премьери Ху Чуньхуа жолугушуу үчүн ыраазычылык билдирди жана КЭР төрагасы Си Циньпиндин саламын айтты. 

Ал «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору боюнча кытайлык адистердин тобу талаа иштерин бүтүргөнүн жана жакынкы арада техникалык-экономикалык негиздеме кыргыз жана өзбек тарапка экспертизага берилээрин билдирди. 

Кытай тарап Борбордук Азия менен диалогдун потенциалын, өзгөчө транспорт, соода-экономикалык, энергетикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө ачууга даяр экени да айтылды.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты