Президент казарма жана офицерлерге турак жай куруу жана оңдоону 3 айда бүтүрүүнү тапшырды

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-мартта, абадан коргонуу бөлүктөрүнө күтүүсүз барып, алардын абалы менен таанышты.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбук баракчасында жазды.

Маалыматта айтылгандай, мамлекет башчы аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттарын карап чыкты.

1961-жылдан бери бул жердеги имараттар менен курулуштар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Президент казармаларды жана офицерлер үй-бүлөсү менен жашаган турак жайларды куруу жана капиталдык реконструкциялоо иштерин үч айдын ичинде бүткөрүү тапшырмасын берди.

Сүрөт: Фейсбук тармагынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты