Алайкууда кар жиреп, мектепке барган бала президенттик балатыга чакырылды
- 8 месяцев мурун
Социалдык тармактарда тараган Алайкууда калың карды жиреп, мектепке барган 4-класстын окуучусу Бишкекке, президенттик балаты майрамына чакырылды.
Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясаты бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбук баракчасында билдирди.
Ошондой эле Садыр Жапаровдун атынан балага белек даярдалып жаткандыгы айтылды.
“Бул видеону Садыр Нургожоевич өзү да көрүп, оор шартка карабай билим алууга болгон умтулуусун көрсөткөн кичинекей баланын аракетине абдан ыраазы болду. Президентибиз мындай өжөр жана шыктуу балдар өзгөчө колдоого татыктуу экенин белгилеп, аны президенттик балатыга чакыргыла деп тапшырма берди. Мындан тышкары билимге умтулган окуучуга мамлекет башчысынын атынан белек даярдалууда“ деп айтылат маалыматта.
Видеодогу бала — Нурзаман Алмазбеков, Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылындагы “Айдың-Көл” башталгыч мектебинин 4-классынын окуучусу экени айтылат.
Сүрөт: Соцтармактагы видеодон.




