Президент капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн Улуттук илимдер академиясына барды
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 19-декабрда президент Садыр Жапаров капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн Улуттук илимдер академиясына барды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчы жаңыланган лабораторияларды, изилдөө борборлорун жана илимий залдарды, реконструкциялоонун алкагында орнотулган заманбап жабдууларды көрүп чыкты, салттуу маданият жана искусство илимий-изилдөө борборунун көргөзмөсүнө барып, академиянын окумуштуулары жана кызматкерлери менен жолугушту.
Президент бүтүндөй бир мамлекеттин интеллектуалдык флагманы болгон Улуттук илимдер академиясынын имаратында капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктап, жаңы шартта кайрадан ишмердүүлүгүн баштоого канчалык деңгээлде даяр экенинине өзү күбө болуу үчүн барганын айтты.
Садыр Жапаров Улуттук илимдер академиясынын имаратында 1964-жылдан тартып олуттуу оңдоо иштери болбогонуна кейигенин айтты.
“Мындай узак жылдардан бери илим очогу болгон Илимдер академиясына тийиштүү көңүл бурулбай, инфратүзүмдүк базасы артта калгандыгы чындап эле кейиштүү жагдай. Мындан улам, быйыл Академиянын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында түп-тамырынан бери капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө мамлекеттин казынасынан 500 миллион сом бөлүнүп берилген”, — деди ал.
Мамлекет башчы бул – өлкөнүн илим тармагынын өнүгүүсүн колдоо жана сапаттуу илим чөйрөсүн түзүү багытындагы чечкиндүү кадам болуп саналарын кошумчалады.