Президент Каныбек Туманбаевге катуу  эскертүү берди  

  • 1 месяц мурун

Ош базарындагы сатуучулар менен жолугушууда президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев эмоцияга алдырган сүйлөшүү жүргүзгөнү үчүн президент Садыр Жапаров тарабынан катуу эскертүү алды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов Фейсбук социалдык тармагында билдирди.  

“Мамлекет башчы калк менен баарлашууда адептүүлүк, сабырдуулук жана маданият сакталууга тийиш экенин белгилеп, бардык мамлекеттик кызматкерлерге эл менен туура диалог жүргүзүүнү тапшырды” деп айтылат  маалыматта.

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев жана Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү менен 4-февралда Ош базарында соода кылгандар менен базарды көчүрүү пландары боюнча жолугушуу өткөргөн.

Каныбек Туманбаев Ош базарынын соодагерлери менен кайым айтыша кеткен.  

Сүрөттө: Каныбек Туманбаев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты