Президент Кадамжай районундагы базарга барды

  • 1 неделя мурун

Бүгүн, 6-майда, президент Садыр Жапаров Баткен облусунун Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагында жайгашкан “Торговый” базарына барды.

Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымат жарыяланды.

Маалыматта айтылгандай, базардын учурдагы абалы менен таанышкандан кийин, сатуучулар жана жергиликтүү тургундар менен кыскача баарлашты.

Базар 4 гектар аянтты ээлейт жана чек арага жакын аймактагы соода жайларынын бири болуп саналат. Негизги соода шаршемби күнү жүрөт — бул күнү бул жерге болжол менен 400гө жакын соодагер келет. Туруктуу негизде автоунаа жолунун боюнда 50гө жакын соода түйүндөрү иштейт.

Мамлекет башчынын Баткен облусуна иш сапары мамлекеттик чек араны демаркациялоо маселелери менен жеринен таанышуу зарылдыгына байланыштуу болду.

Өлкө башчысынын аймактын тургундары менен өзүнчө жолугушуулары анын облуска болуучу кийинки сапарынын алкагында өткөрүлөт.

Президент Кадамжай районундагы базарга барды

Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты