Президент юристтерди кесиптик күнү менен куттуктады

  • 10 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-июнда, өлкөнүн юристтерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

-Моралдык, адеп-ахлактык баалуулуктарга, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун конституциялык кепилдиктерине таянып, биз адилеттүү мамлекетти курууга умтулабыз. Сиздер, юристтер, адилеттүүлүккө кызмат кылуунун татаал жолун тандап алдыңыздар жана сиздер үчүн адилеттүүлүк кесиптик иштин негизги багыты болууга тийиш. Сиздердин ак ниет эмгегиңиздер, тажрыйбаңыздар, коюлган максатты аткарууга умтулганыңыздар – мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуунун ишенимдүү кепилдиги.

Сиздердеги жогорку кесипкөйлүк, активдүү жарандык позиция, кынтыксыз аброй мамлекетибизде жана коомубузда туруктуулукту жана укук тартибин чыңдоонун кепилдиги болот деп ишенем, -деп айтылат куттуктоодо.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты