Бишкекте 1-июнда унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

  • 2 недели мурун

Эл аралык балдарды коргоо күнүн майрамдоого байланыштуу, 1-июнда саат 16:00дөн 22:00гө чейин Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтындагы айрым көчөлөрдө унаа кыймылы убактылуу чектелет.

Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Чүй проспекти Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү, ошондой эле Орозбеков көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү жабылат.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан жана конокторунан убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууну, каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүнчүлүккө жараша альтернативдик жолдорду колдонууну суранат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты