Балдарды коргоонун эл аралык күнү: “Балалык дүйнөсү жана көчмөн дем” фестивалы өтүүдө  

  • 2 недели мурун

Агартуу министрлиги 1-июнда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата  «Балалык дүйнөсү жана көчмөн деми» аттуу майрамдык фестиваль өткөрүүдө.

Майрамдык иш-чара саат 09:00дөн 16:00гө чейин Бишкек шаарындагы «Сейтек» балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук борборунда жана Чыңгыз Айтматов атындагы эмен багынын аймагында өтүүдө.

Фестивалдын алкагында улуттук аспаптарда ойноо, улуттук оюндар жана бийлер, боз үй тигүү, планетарий, 3D графика жана дизайн, улуттук жана интеллектуалдык көргөзмөлөр, архитектура, спорт, сүрөт, ыр жана бий чеберлеринин катышуусунда мастер-класстар, робототехника, көркөм сүрөт жана прикладдык чыгармачылык, спорт оюндары, экология жана туризм боюнча ар кыл иш-чаралар уюштурулат.

Иллсютрациялык сүрөт: Министрлик

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты