Президент фейк маалымат тараткандарды жазалоо боюнча мыйзамга кол койду   

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров фейк маалымат тараткандарды жазалоо боюнча мыйзамды ишке киргизүү мыйзамына кол койду.   

Мыйзамдын 109-3 беренесине ылайык, туура эмес (жалган) маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарын же интернет булактары аркылуу  таратып, коомдук тартипти, жарандардын же уюмдардын укугу менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга алып келген же мыйзам менен корголгон коомдук же мамлекеттик кызыкчылыкты бузууга алып келген учурда, эгер бул кылмыш жазасы катары каралбаса, анда жеке адамдарга 200 эсептик көрсөткүч (20 миң сом), ал эми юридикалык жактарга  650 эсептик көрсөткүч (65 миң сом) айып салынат. Укук бузуу протоколдору ички иштер органдары тарабынан түзүлүп, сотторго жиберилет. Мыйзам расмий жарыялангандан кийин 10 күн ичинде, 22-июлда күчүнө кирет.    

Мыйзамда жалпыга маалымдоо каражаттарын колдонуу менен интернет тармагында, сайтта, социалдык тармактарда коомдук тартипти, жарандардын же уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузган анык эмес, жалган маалыматтарды жайгаштыруу, жайылтуу үчүн жоопкерчилик кароо сунушталат. 

Жогорку Кеңеште талкуунун жүрүшүндө депутат Эльдар Абакиров сунушталып жаткан ченемдер КР Конституциясына, күнөөсүздүк презумпциясына каршы келерин белгилеп, «анык эмес, жалган» деген сөздөр конкреттештирүүнү талап кыларын кошумчалады.

Дастан Бекешев да жалган маалыматты аныктоо механизмдерине токтолду. Мыйзам долбооруна биринчи окууда депутаттар Сеид Атамбаев менен Дастан Бекешев каршы добуш берген.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, канча айып салуу керектигин милиция аныктап, сот жеке адамдарга 20 миң сомдон, юридикалык жактарга 65 миң сомдон айып сала баштайт.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты