Президент бир эки-саатка электр энергиясы өчүрүлүшү мүмкүн экенин билдирди

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде кыш мезгилинде электр энергиясын берүү бир-эки саатка өчүрүлүшү мүмкүн экенин билдирди.   

Өзүбүздө өндүргөн электр энергиясынан колдонулуп жаткан электр энергиясынын өлчөмү бир кыйла көп болгондуктан биз кошуна өлкөлөрдөн импорт алып жатабыз.

Бирок азыр аларда дагы таңкыстык болуп жатат, суук катуулаган сайын биз алардан электр энергиясын алууну көбөйтүүнү сүйлөшүп жатабыз.

Бирок алардан бизге келген аба чубалгылар дагы өтө көп болуп жаткан жүктү көтөрө албай ысып, күйүп кетүү коркунучтары дагы болуп жатат. Колдонуу көбөйгөн жерлерде энергетиктер жөнгө салуучу иш чараларды жасап жатышат.

Андай иш чараларды, жасабаса кымбат баада турган жабдыктардын күйүп кетүү коркунучу бар. Мисалы бир эле кубаттуулугу чоң болгон тарнсформатордун баасы 140 млн сомдун тегерегинде турат.

Эми элестетсеңиз, ал трансформатор күйүп кетсе аны алмаштыруу үчүн биз ошончо көп акчаны биринчиден табышыбыз керек, эгерде акча табылган күндө дагы заводдон буйрутма берип чыгаруу үчүн 150 күндөн ашык болот экен. Андан тышкары, аны алып келип орнотуу үчүн 60 күндөн 80 күнгө чейинки убакытты талап кылынат экен.

Биз ал иш-чараны аткаргыча кыш бүтүп калат. Ошондуктан мындай көрүнүштөргө жол бербөө максатында бир сааттан эки саатка чейин которуштуруу иш чараларын энергетиктер жасап жатышат. Ушуну элибиз туура түшүнүү менен кабыл алышын суранып кетет элем.

Ооба, Бул иш чара өтө көп узакка созулган өчүүлөрдөн сактап турат. Кымбат баалуу трансформаторлор күйүп кетсе, күндөп-түндөп созулган өчүрүүлөр болуп кетет, -деди президент “Кабар” агенттигине берген маегинде.  

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты