Президент бейөкмөт уюмдардын ашыкча саясатташканын белгиледи

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар тууралуу айтып келип, аларды ашыкча саясатташкан деп сыпаттады.   

Бул тууралуу Президент 21-октябрда башталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айыл өкмөт башчыларынын республикалык кеңешмесинде билдирди.

«Бизде саясий коопсуздук жараткан маселелерди ушул чөйрөдөн көрө алабыз. Ушуга байланыштуу «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга» быйыл Жогорку Кеңеш тарабынан киргизилген өзгөртүүлөрдү колдодум» деди.

Мамлекет башчы өкмөттүк эмес уюмдарды өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп, бийлик менен өнөктөш иш алып барууга чакырды. Эгер саясий коопсуздукка кедергисин тийгизсе, чара көрүлөрүн эскертти.  

Белгиленгендей, Кыргызстанда 17 миңден ашуун бейөкмөт уюмдары бар.

Президент “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга 7-июлда кол койгон. Документ жарандык коомдун, эл аралык коомчулуктун сынына кабылган.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты