Президент Балыкчынын мэри тууралуу сындарга жооп берди

  • 1 неделя мурун

Президент Садыр Жапаров Балыкчы шаарынын жаңы мэри Султан Керималиев боюнча айтылган сындарга жооп берип, ага ишеним артарын билдирди.

Анын айтымында, Керималиев Чолпон-Атада иштеген учурда жакшы жактары менен көзгө түшкөн. «Иш билги жигит экен. Өзү “Балыкчыны Лас-Вегаска айлантмакчымын” деп айтты. Ошондуктан Чолпон-Атанын мэрин ал жакка жылдырып, аны Балыкчыга дайындадык», — деди Жапаров.

Ошол эле маалда ал мамлекеттик кызматкер этиканы сактоого милдеттүү экенин эскертип: «Албетте мэр болгондон кийин мамлекеттик кызматтын этикасын сакташ керек болчу. Этиканы сактабаганын мен да көрдүм. Бирок эми этикасын оңдосок болот. Адам да, айбан эмес. Убакыт берели этикасы оңолбосо анан көрөбүз. Эң негизгиси өзү башка мэрлердей болуп ууру болбош керек. Таза иштеп бериш керек.», — деп кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты