Президент “Азаттыктын” майнинг ферма боюнча иликтөөсүнө комментарий берди

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген чакан маегинде «Азаттыктын» майнинг ферма боюнча иликтөөсүнө комментерий берди.

-Биринчиден, текейден арзан эмес, эң кымбат баа менен 1 Квтын 5 сом 04 тыйын менен Кемин районуна майнинг ферма курганга уруксат бергенбиз. Себеби Кемин подстанциясынын күч кубаты жетет.

Экинчиден, жайдын күнү бизде электр энергия толук жетиштүү. Ал түгүл ашып калат. Эч бир жакка сата албайбыз. Ошондуктан энергетика системасына пайда түшсүн деп, нагрузканы көтөрө алчу участокторго уруксат берип жатабыз. Эгер кыштын күнү кыйынчылык келе турган болсо үч ай токтотуп коебуз. Калган тогуз ай бою иштей беришсин. Энергетика системасына, салык инспекциясына миллиондогон сом таза кирешелерди берет, -деди Садыр Жапаров.

Президент майнинг фермасынан энергетика тармагы таза киреше алып жатканын белгиледи:

Бизде электр энергия кыштын күнү гана жетишсиз болот.мЖетишпеген көлөмдү чет өлкөдөн 3 сомдон сатып алабыз. Майнинг фермага 5 сом 04 тыйындан сатканда энергетика системасына 2 сом 04 тыйын таза киреше калат. Мындан сырткары салык түшөт. Мамлекет пайдадан башка зыян тартпайт.

Келечекте биз кыштын күнү чет өлкөдөн электр энергиясын импорттоодон баш тартабыз. Азыр курулуштары жүрүп жаткан ГЭСтер ушул жылдын аягына чейин четинен ишке кире баштайт. Келечекте электр энергия экспорттогон өлкөгө айланабыз. Эмдиги жылдан баштап CASA 1000 линиясы аркылуу Пакистан менен Афганистанга чейин электр энергиясын экспорттоо милдети турат. Дүйнөлүк банктын алдында мурда эле милдеттенме алыптырбыз, -деди президент.

Ошоной эле Садыр Жапаров ГЭСтерди куруу темпи күчөтүлүп жаткандыгын кошумчалады:

-Ошондуктан ГЭСтерди куруу темпин күчөтүп жатабыз.

Ал эми Камбар-Ата 2 ГЭСиндеги майнинг ферма боюнча жөнөкөй тил менен ийне-жибине чейин түшүндүрүп берейин.

ГЭС 2010-жылы ишке кирген. 120 МВт иштеп чыгып келе жатат. Мунун 90 МВтын гана сыртка алып чыга алабыз. Анткени өткөрүү мүмкүнчүлүгү 90 гана МВт экен. 13 жылдан бери калган 30 МВты абага сиңип кетип жүрүптүр. 6 миллиард 816 миллион кВт саат энергиядан куру жалак калыптырбыз. Акчалай санап көргөнүбүздө 3 миллиард 275 миллион сом жоготууга учураптырбыз. Бул үчүн буга чейинки шалаакы жетекчилердин баарын жоопко тартса болот. Эмне үчүн 13 жылдан бери 30 МВттан жоготуу болуп атса көңүл бурушкан эмес.

Биз ошол жерге (Камбар-Ата ГЭСинин ичине) 30 МВт ка чейинки майнинг ферма койгонго уруксат бердик. Ал майнингди курууга эле 20 миллион доллардын тегерегинде акча кетет. Инвестор салат. Майнинг ферма ишке кирсе мындан ары жоготуу болбойт. Акча энергетиктерге түшөт. Тагыраагы элдин чөнтөгүнө түшөт деген эле кеп. Ар бир тыйыны, ар бир кВт сааты энергетиктердин көзөмөлүндө болот, -деди  Президент Жапаров «Кабар» агенттигинин суроосуна жооп берип.

“Азаттык” 27-июлда “Энергокризис: Кеминдеги майнинг ферма кимдики?” деген видео иликтөө жарыялаган. Анда жыл башынан бери Кемин шаарынын жогору жагында майнинг ферма иштеп, мамлекеттин энергетикалык системасына туташып алганын аныкталган.

Кыргызстанда энергетикалык каатчылык маалында аткаминерлер менен байланышы бар майнинг компанияларга электр энергиясы сатылып, муну менен Улуттук энергохолдингдин буйругу бузулууда. Бул тууралуу көз карандысыз Kloop басылмасы да азып чыкты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты