Президент «Атаандаштык жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын «Атаандаштык жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алынган.

Президенттик администрациядан билдиришкендей, кабыл алынган мыйзам монополияга каршы жөнгө салууну жакшыртууга багытталган.

«Атаандаштык жөнүндө» мыйзамдын максаты — мамлекеттик ишканаларга артыкчылыктарды берүү жана катышуучулары алар менен аффилирленген жактар жана/же адамдардын тобу болуп саналган чарба жүргүзүүчү субъекттерди түзүү аркылуу товардык рыноктордо атаандаштыкты чектөөгө жана рынокту монополдоштурууга жол бербөө болу саналат», — деп айтылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты