Президент 2022-жылга карата республикалык бюджетке кол койду

  • 3 года мурун

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алынган.

Мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен 2022-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 282,1 млрд сом өлчөмүндө каралууда.

Белгилей кетсек, номиналдык мааниде республикалык бюджеттин кирешелери 2021-жылдын бекитилген бюджетине карата 63,2%га же 109,2 млрд сомго көбөйгөн.
2023-2024-жылдар аралыгында республикалык бюджеттин кирешеси тиешелүүлүгүнө жараша 295,8 млрд сомду жана 312,2 млрд сомду түзөт.

2022-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 291,2 миллиард сом өлчөмүндө белгиленүүдө. Бул 2021-жылдын бекитилген бюджетинен 109,9 миллиард сомго көп. 2023-2024-жылдар аралыгында Республикалык бюджеттин чыгашасы тиешелүүлүгүнө жараша 303,5 миллиард сомду жана 303,8 миллиард сомду түзөт.

Республикалык бюджеттин кирешелерин жана чыгашаларын эске алуу менен 2022-жылга республикалык бюджеттин таңкыстыгы 9,1 млрд сомду же ИДПга карата 0,8%ды түзөт.

Мында 2023-жылга республикалык бюджеттин таңкыстыгы 7,7 млрд сом же ИДПга карата 1,0% деңгээлинде болжолдонууда. Бирок 2024-жылы республикалык бюджеттин профицити 8,3 миллиард сом деп болжолдонууда.

Өлкөнүн бардык мамлекеттик башкаруу секторун камтуу менен 2022-жылга консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгү 403,9 млрд сом деңгээлинде болжолдонуп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты