Православ христиандарынын майрамы. Президенттин куттуктоосу
- 1 месяц мурун
Президент православ христиандарын 7-январь — Рождество майрамы менен куттуктады
-Бул — түбөлүк жан дүйнө баалуулуктарын символдоштурган жаркын майрам. Рождество Христово көптөгөн кылымдар бою жан дүйнөнүн жаңылануусунун, элди тынчтыкка, биримдикке жана өз ара ынтымакка чакыруунун майрамы. Кыргыз Республикасынын православ жамааты конфессия аралык биримдикке, рухий баалуулукка, коомдун маданий ар түрдүүлүгүнө чоң салым кошуп келе жатат. Ушул жаркын майрам күнү сиздерге чың ден соолук, бакубаттык жана кубаныч каалайм. Ар бир үйдө тынчтык, жылуулук, өз ара колдоо болсун, ал эми Рождество жылдызы силерди жаркын ой-максаттарыңарга жарык чачып турсун!-деп айтылат куттуктоодо.
Христиан-католиктер жана православдар Иса пайгамбардын туулган күнүн эки башка күнү белгилешет. Католиктер Юлиан календары боюнча 25-декабрда, православдар Григориан календары боюнча 7-январда белгилешет.
Правовславдар Россия, Иерусалим, Болгария, Сербия жана башка өлкөлөрдө 7-январда белгилейт. Кыргызстандагы православдар да Иса пайгамбардын туулган күнүн 7-январда майрамдашат, бул күн расмий майрам катары саналат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




