“ПолитКлиника” жана ЭлТРдин иши боюнча сот чечим кылат

  • 1 месяц мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2023-жылдын 25-сентябрындагы чечиминин негизинде “ПолитКлиника” Интернет сайты аркылуу анын негиздөөчүсү Дилбар Алимова төмөнкүлөрдү төгүндөйт:

2023 жылдын 4-февралында жоопкер “ПолитКлиника” Интернет сайт редакциясынын кызматкери Тыныстан Асыпбек тараптан “ПолитКлиникага” таандык “Фейсбук” баракчасындагы “Детектор” деп аталган көрсөтүүсүнүн:

  • 9-секундасынан тартып 15-секундасына чейин “бул чыгарылышта ЭлТР телеканалынын кезектеги калпы жана манипуляциясы тууралуу айтып беремин”;
  • 3-минутасынын 10-секундасында “2020-жылдан октябрь айынан тартып өлкөнүн энерго тармагына сырттан кредиттер алынган. Журналисттердин С. Жапаров мезгилинде энергетика тармагына бир да сом карыз алынган эмес деп маалымат тараткандыгы калп экенин далилдеп турат”;
  • 4-минутасынын 38-секундасында “Башкача айтканда, ЭлТР телеканалынын журналисттери С. Жапаровдун учурунда энергетика тармагына бир да сом карыз алынган жок деген маалымат жалган жана манипуляция болуп эсептелинет”

деген сөздөр аталган соттун чечимине ылайык, чындыкка дал келбейт жана доогер Кыргыз Республикасынын ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын ишкердик беделин булгайт деп.  

Белгилей кетсек, ЭлТР телеканалы менен “ПолитКлиника” сайтынын соту 2023-жылы февраль айында башталган.

Ага ылайык, доогер Кыргыз Республикасынын ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы «ПолитКлиника» Интернет-сайт редакциясынын жетекчиси жана негиздөөчүсү Дилбар Алимова, редакциянын кызматкери Тыныстан Асыпбекке карата жарандардын ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин же юридикалык жактын ишкердик беделин коргоо жөнүндөгү доо арызы менен кайрылган. Доо арызда доогер “ЭлТР” МТРКсы тарабынан 2023-жылдын 31-январындагы “ПолитКлиника”  интернет редакциясынын журналисти Тыныстан Асыпбек тарабынан 2023-жылдын 4-февралында интернет аркылуу электр энергиясы үчүн чет өлкөлөрдөн алынган карыз жөнүндөгү жогорудагыдан тышкары төмөнкү маалыматтарды:

  • Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан 22,9 млн доллар насыя алган;
  • «2022-жылдын ноябрь айында «Камбар-Ата» 2 ГЭСинин 2-агрегатын куруу үчүн «Евразиялык туруктуулук жана өнүктүрүү» банкы 110 млн доллар кредит берген»;
  • «Мындан сырткары, энергетика министри Т. Ибраев 1-февралда ЖКтин сессиясында 50 млн долларды ратификациядан өткөрүүнү суранды”;

Жайылтылган бул маалыматтарды КР «ЭлТР» МТРКнын ишкердик беделин тебелеген, чындыкка төп келбеген деп табууну, маалыматтарды интернет желесинен алып салуусун жана жайылткан маалыматтарды төгүндөөнү өтүнгөн.

Андан сырткары, «ПолитКлиника» Интернет редакциясынын эсебинен 7 миллион сом жана журналист Тыныстан Асыпбектин эсебинен 3 миллион сом, жалпысынан 10 миллион сом Кыргыз Республикасынын «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын пайдасына моралдык зыян катары өндүрүп берүүнү өтүнгөн.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2023-жылдын 25-сентябрындагы чечими менен доо арыз жарым-жартылай канааттандырылып, чыгарылган видеосюжеттин жогоруда төгүндөлгөн сөздөрүн сот чындыкка дал келбейт жана доогердин ишкердик беделин булгайт деп чечим чыгарып, Д. Алимованы төгүндөп берүүнү милдеттендирген. Сот доонун калган бөлүгүн канааттандыруусуз калтырган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты