Подмосковьеде мусулмандар Путинге кайрылып, ОМОНдун жума намаз учурундагы аракеттерине даттанды (видео)

Москва облусундагы Котельники шаарынын мусулман коомчулугу Орусиянын президенти Владимир Путинге видеокайрылуу жасап, жума намаз учурунда жүргүзүлгөн рейд маалындагы ОМОН кызматкерлеринин аракетине даттанышты.

Өткөн аптада ОМОН Котельникидеги көп кабаттуу үйдө жайгашкан намазканадагы жума намазын үзгүлтүккө учураткан.

Мусулман коомчулугунун 10-июлда соцтүйүндөргө жарыяланган үч мүнөттүк видеокайрылуусунда ОМОН кызматкерлери жума намазы учурунда бут кийимдери менен кирип келип, андагы адамдарды кемсинткени, ал жерде намаз окуп жаткандардын көбү Орусиянын жарандары болгону айтылган.

«ОМОН жума намазын үзгүлтүккө учуратты. Имаратка уулуу газ чачып, адамдарга каршы электршокерлерди колдонушту. Алардын мындай аракети улут жана дин аралык тынчтыкка чоң доо кетирүүдө» деди видеодо сүйлөгөн жарандардын бири.

Кайрылуунун авторлору Путинди бул кырдаалга кийлигишүүгө жана күнөөлүүлөрдү жазалоого чакырышкан.

Буга чейин жума намазына барган тажикстандык мигранттар ОМОН кызматкерлери намазканадагы адамдарга орой мамиле жасап, айрымдарына өрт өчүргүчтүн ичиндеги суюктукту чачып жатканы тартылган видеолорду жөнөтүшкөн.

Жергиликтүү ички иштер башкармалыгы бул рейддин жүрүшүндө миграция мыйзамдарын бузуп, каттоосу жок жүргөн ондогон чет өлкөлүк жаран кармалганын кабарлаган.

Акыркы айларда борборазиялык мигранттар барган Котельникидеги намазканада ОМОН кызматкерлери бир нече жолу рейд өткөрдү. Буга мигранттардын «ээн баштыгын» токтотуу өтүнүчү менен жергиликтүү тургундардын президент Владимир Путинге жолдогон кайрылуусу себеп болууда.

Алар шаарда «тажик анклавы» түзүлгөнүн жана «жашоо кооптуу болуп калганын» айтышкан. Бул кайрылуудан кийин 24-майга караган түнү Котельникиде 100гө жакын тажикстандык мигрант кармалып, намазкана бир нече күнгө жабылган. 8-июнда полиция кызматкерлери Котельники шаарындагы курулуш аянтында иштеген 27 тажик жаранын кармаган.

Орусияда жашаган тажик адвокаты Шухрат Кудратовдун айтымында, Котельники шаарында тажик жарандары көп жана алардын 90% кош жарандыгы же Орусияда убактылуу жашап турууга уруксаты бар. «Бул шаарда Борбор Азия өлкөлөрүнөн баргандар өтө көп, көбүнүн жеке үйлөрү да бар. Акыркы кездери полиция ал жерде тез-тез рейддерди жүргүзүп жатат. Бул рейддерди Тажикстанды тезирээк ЕАЭБге кошулууга мажбурлоо үчүн жасалып жаткан басым деп эсептейбиз», – деди ал.

Өткөн жума күнү ОМОН кызматкерлери тажикстандык мигранттар жашаган Екатеринбург шаарындагы жатаканада да рейд жүргүзүп, аларды бир нече саат сабап, кемсинткени кабарланган. Мигранттар жумуш берүүчү келгенде гана кое берилген. «Озоди» радиосу бул жатаканада жергиликтүү заводдо иштеген Тажикстандын 40ка жакын жараны жашай турганын билдирген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты