Бишкекте орозо айт намазы эски аянтта окулат

  • 5 месяцев мурун

Эртең, 20-мартта, орозо айт намазы Бишкек шаарында Турдакун Усубалиев атындагы аянтта (эски аянт) окула турган болду. Бул тууралуу Кыргызстан мусалмандарынын дин башкармалыгы билдирди.

Айт намазын борбордогу аянтта өткөрүү Бишкек шаарынын тургундары жана меймандарынын өтүнүчү жана президенттин колдоосу менен болуп жаткандыгы белгиленди.   

Эски аянттагы айт намазы саат эртең мененки 7:00до башталып, 8:50дө аяктайт.

Орозо айт 20-мартта белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы маалымдады.

Бул чечим Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө-өлкөлөрүнүн муфтияттарынын алдындагы кеңешмесинин чечими менен кабыл алынган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты