Подмосковьеде кафеде жаңжал учурунда ок атылып, кыргызстандык каза болду. Дагы бири жабыркады

  • 2 года мурун

Москванын Зеленоградск административдик округунда жаңжал учурунда ок атылып, бир кыргыз жараны каза болуп, дагы бирөө жабыркады.

Социалдык тармактарда ал жаңжалдын видеосу жарыяланды. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул окуяны ЖМКга тастыктады.

Министрликтин маалыматына ылайык, 26-августта  Зеленоград районундагы кафелердин биринде  жаңжал чыккан. Шектүү  ок атуучу куралдан ок чыгарып, андан соң дайынсыз жоголгон.

Ок чыгаруудан кийин 33 жаштагы  Х.И аттуу кыргыз жараны алган жараатынан улам ошол жерден жан берген. Дагы бир К.И.М атту кыргызстандык медициналык мекемеге жеткирилген.

Маркумдун жакындары каза тапкан Х. И. Москвада таксист болуп иштегенин kaktus.media сайтына билдирди. Анын артында үч баласы – эки уул жана бир кызы калды.

Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары Орусиянын 38 жаштагы К.П.Л аттуу тургуну кармалганы маалымдалды.

Сүрөт: Видеодон алынган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты