Подмосковьеде гипермаркет өрттөнүп, бир киши каза болду

Подмосковьедеги «Мега Химки» соода борборунда өрт чыгып, OBI курулуш гипермаркети толугу менен күйүп кетти. Анда иштеген бир күзөтчү каза болду.

Бул тууралуу ТАСС агенттиги Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө 141 киши жана 47 техника тартылган. Москва убактысы боюнча эртең мененки саат сегизге карата 7 миң чарчы метр аянттагы өрт чектөөгө алынган. Гипермаркет имаратынын 5 миң чарчы метрлик чатыры урап түшкөн.

Мурдараак «Интерфакс» агенттиги куткаруу кызматтарына шилтеме кылып, өрт 15 миң чарчы метрге жайылганын кабарлаган. «112» телеграм-каналынын маалыматына караганда, өрттүн аянты 17 миң чарчы метрге жетти.

ӨКМдин басма сөз кызматы өрттү өчүрүүгө авиацияны тартуу пландалып жатканын билдирди.

Куткаруу кызматынын өкүлдөрү ТАСС агенттигине OBI гипермаркетинде жарылуу болгондон кийин анын имараты урай баштаганын билдиришкен.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты