Пиязды Кыргыз Республикасынан сырткары сатыкка чыгарууга убактылуу чектөө киргизилди
- 4 months мурун
31-январдан тартып үч айлык мөөнөт менен пиязды Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары чыгарууга убактылуу чектөө киргизилди.
Бул тууралуу айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 31-январдан тартып үч айлык мөөнөт менен Кыргыз Республикасынын аймагынан пияз, пияз-шалот, көк пияз жана башка пияз сымал жашылчаларга убактылуу чектөө киргизүү боюнча Министрлер кабинетинин токтому кабыл алынды.
Токтом өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык маанидеги азык-түлүк продукцияларынын бааларын турукташтыруу максатында кабыл алынды.
Муну бөлүшүү