“Пилорама” ишканасынын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
- 12 месяцев мурун
Ош облусунун Алай районундагы Сопу-Коргон айылындагы “Пилорама” муниципалдык ишканасынын 57 сотых жер тилкеси жана административдик имараты ыктыярдуу түрдө кайрадан мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, 2017-жылы бул объект мыйзам бузуу жолу менен жеке менчикке берилип кеткен. УКМКнын тергөө иштеринин жүрүшүндө менчиктештирүүдө мыйзам бузуулар болгондугу аныкталган.
Мурда жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган объекттерди аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу иштери улантылууда.
Муну бөлүшүү




