Пашинян Тоолуу Карабакты Азербайжандын аймагы деп таанууга даяр экенин билдирди

  • 11 месяцев мурун

Ереван жикчил Тоолуу Карабак аймагын Азербайжандын бир бөлүгү деп таанууга даяр, бирок бул үчүн Баку аймакта жашаган этникалык армяндардын коопсуздугун камсыздашы керек.

Бул тууралуу Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 22-майдагы басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Армения Азербайжандын 86 миң 600 чарчы чакырым жерин, анын ичинде Тоолуу Карабакты тааныйт, ошол эле маалда расмий Баку да Армениянын 29 миң 800 чарчы чакырым аймагын таанышы керек. Пашинян армян калкынын коопсуздугу Баку менен Степанакерттин (азербайжанча аталышы — Ханкенди) сүйлөшүүлөрүнүн алкагында талкууланышы керектигин билдирди.

Муну менен катар премьер-министр Тоолуу Карабактагы армяндардын укуктарына байланышкан маселе «унутта калбашы» керектигин белгилеп, Азербайжан «этникалык тазалоо жана геноцид» саясатын уланта бербеши үчүн эл аралык кепилдиктерди түзүү зарыл экенин белгиледи.

Өз сөзүндө Пашинян Армениянын Жаматтык коопсуздук келишим уюмундагы (ЖККУ) мүчөлүк маселесине да токтолду. Анын айтымында, эгер Ереван бул блокту маселелерди чечүүгө жөндөмсүз деп тапса, өлкө андан чыгышы мүмкүн. Премьер бул маселе күн тартибинде турганын, азыр талкуу жүрүп жатканын айтты.

Эл аралык мыйзамдарда Тоолуу Карабак Азербайжандын аймагы болуп эсептелет. Тараптардын талашы 1980-жылдардын аягында башталган. Негизинен этникалык армяндар жашаган Тоолуу Карабак автоном облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыкканын жарыялап, 1991-жылдын сентябрында өзүн «Тоолуу Карабак Жумурияты» деп жарыялаган. Ортодо тутанган согуш 1988-1994-жылдары 30 миңдей адамдын өмүрүн кыйган.

2020-жылы эки өлкө катуу кагылышып, алты апталык урушта Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Москванын арачылыгы менен жетишилген келишимге ылайык, аймакка Орусиянын тынчтык орнотуучу контингенти жайгаштырылган.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян (Архивдик сүрөт). TASS.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты