Төрага Шакиев Азербайжанга расмий сапар менен кетти  

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 3-июнда, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев расмий сапар менен Азербайжанга жөнөп кетти.

Бул тууралуу парламенттин сайтында маалымат берилди.

Расмий сапардын алкагында Шакиев Азербайжан президенти Ильхам Алиев, Милли межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы алкаларды арттырууга байланышкан маселелер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Төрага баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Саидбек Зулпуев, Чолпон Султанбекова, Нуржигит Кадырбеков, Уланбек Бакасов, Таалайбек Сарыбашов, Дастанбек Жумабеков, Кубанычбек Самаков, Мирлан Самыйкожо жана парламенттин аппаратынын жетекчиси Алайбек Алымбаев бар.

Төрага Нурланбек Шакиев 2-3-июнда Казакстанда Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюумунун (ЖККА) парламенттик ассамблеясынын жыйынына катышты.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты