Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Орусия жана Армениядагы элчиси кызматынан бошотулду

  • 2 месяца мурун

Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Россия жана Армениядагы элчиси кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Россиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп 2021-жылы февраль айында дайындалган. Ошол эле жылы Гүлнара-Клара Самат Кыргызстандын Армениядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Аны менен бирге ага Орусиядагы элчилик кызматын дагы айкалыштырып иштөө тапшырылган.

Гүлнара-Клара Самат мурда Клара Кабилова аттуу ысым менен белгилүү болгон.

Курманбек Бакиев Президент кезиндеги басма сөз катчысы, БШК экс-төрайымы болгон. БШК экс-төрайымы кезинде Максим Бакиевдин коркуткандыгына байланыштуу 2008-жылы өлкөдөн чыгып кеткен.

Өлкөгө кайтып келгенден кийин “Ата Мекен” фракциясынан депутат болгон. Фракциянын ишине активдүү катышпагандыгына байланыштуу, «Ата Мекен» фракциясынын депуттаттык мандатынан ажыратылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты