Ереванда митинг катышуучулары парламенттин алдына чатырларды тигишти

  • 2 месяца мурун

Ереванда «Тавуш мекен үчүн» аттуу кыймылдын тарапташтары парламент имаратынын алдына тигилген чатырларда түнөштү. Бул тууралуу «Азаттыктын» армян кызматы кабарлады.

10-июнга караган түнү архиепископ Баграт Галстанян баштаган жүрүштүн катышуучулары парламенттин имаратын курчап, айрымдары кире бериштерди тосуп турган полиция кызматкерлери менен кагылышкан. Учурда алар парламент имаратынын жанындагы көчөнү ээлеп турушат.

Митингди «Тавуш мекен үчүн» кыймылы уюштурган. Анын жетекчиси жана Армян апостол чиркөөсүнө караштуу Тавуш епархиясынын башчысы Баграт Галстанян жарандарды 10-июнда баш ийбөө акциясына чакырып, бийликке «өз эркин таңуулоо» үчүн 96 саат митингдерди өткөрүүгө үндөгөн.

«Биз чечимдерди бирге кабыл алышыбыз керек. Биз уктабай, тамак ичпей жана жумушка барбай тынымсыз 96 саат көчөдө жүрсөк, маселени чече алабыз» деген Галстанян.

Ал парламенттеги фракцияларга кайрылып, 11-июнда жыйын өткөрүүнү, анын күн тартибине Никол Пашинян жетектеген өкмөттү таратуу жана жаңы өкмөт түзүү маселесин киргизүүнү талап кылган.

Нааразылык акциясына чыккан адамдар Азербайжан менен чек ара макулдашуусуна каршылык билдирүүдө. Анда Ереван Бакуга чек арадагы төрт айылды өткөрүп берүүнү убадалаган. Тараптар чек араны делимитациялоо тууралуу документтерге апрелдин аягында кол коюшкан. Ага ылайык, чек араны аныктоо процедурасы Азербайжан менен чектешкен Тавуш аймагындагы төрт айылдан башталышы керек.

Армениянын Колдонмо саясат институтунун илимий кызматкери Сергей Мелкояндын айтымында, кеп армян-азери чек арасындагы кагылышуулардан улам 1980-жылдардан бери эч ким жашабаган айылдар жөнүндө болууда. Алар эки өлкө армиясынын ортосундагы нейтралдуу аймакта жайгашкан. Митинг катышуучулары Азербайжандын кысымынан жана жаңы согуштун тутанышынан кооптонуп, айылдарды бир тараптуу өткөрүп берип жаткан Пашиняндын өкмөтүнүн позициясына кыжырданууда.

Сүрөт: Photocur

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты