Парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда болбойт. Убагында эле өтөт
- 4 недели мурун
Мөөнөтүнөн мурда эч кандай шайлоо болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу баса белгиледи.
Өзү баштаган бир топ депутаттардын демилгеси менен парламенттик шайлоонун эрежелерин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору сунушталганын айтып:
“Бул боюнча өлкө жетекчиси менен да макулдаштык. Элге керектүү мыйзам долбоорун кабыл алабыз деген терең ишеничтебиз” деди төрага.
Коомчулукта парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өтөт экен сөздөргө төрага Тургунбек уулу мындайча жооп берди:
-Алардын баары куру бекер сөз. Кезексиз же мөөнөтүнөн мурда шайлоолор болбойт. Президенттик да, парламенттик да шайлоолор кийинки жылы өз убагында өтөт. Андыктан, азыркы VII чакырылыштагы парламент ишибизди жигердүү улантып, элибиз үчүн кызмат кыла беребиз” деди төрага.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Мыйзамдын демилгечилери — Нурланбек Тургунбек уулу, Нурбек Сыдыгалиев, Акылбек Түмөнбаев, Кундузбек Сулайманов, Марлен Маматалиев, Улан Примов, Данияр Тлонов, Жумабек Салымбеков, Чынгыз Ажибаев.
Сунушталган мыйзам долбоору боюнча 90 депутат мажоритардык система боюнча көп мандаттуу аймактык шайлоо округунан шайланып келет. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн көп мандаттуу 30 аймактык шайлоо округу түзүлөт, алардын ар биринде үчтөн депутат шайланат.
Аялдар үчүн 30 депутаттык мандат бөлүнөт. Аймактык шайлоо округунда катталган аял талапкерлердин ичинен шайлоочулардын эң көп добушун алган аял шайланды деп таанылат.
Долбоорго ылайык, депутат мандатын тапшырган учурда кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Ошол округдан көп добуш алган кийинки талапкерге мандат берилет.
Сүрөт: Нурланбек Тургунбек уулу. kenesh.kg