Парламентте милицияны сүрөт-видеого тартууга тыюу салган мыйзам долбоору өтпөй калды

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 19-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ишине мыйзамсыз кийлигишип, cүрөт-видеого тартып, аларды каралоо максатында материалдарды интернетке жүктөөгө тыюу салган мыйзам долбоору өтпөй калды.

Мыйзам долбооруна 44 депутат “макул” деп добуш берсе, алты эл өкүлү “каршы” болду.

«Каршы» деп добуш берген депутаттар — Чыңгыз Айдарбеков, Жанар Акаев, Сеидбек Атамбаев, Дастан Бекешев, Бактыяр Калпаев жана Айсулуу Мамашова.

Кыргызстанда коомдук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерин аткарып жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын ишине мыйзамсыз кийлигишип, фото жана видеого тартып, алардын ишин каралоо максатында материалдарды интернет сайттарга жарыялоого тыюу салуу сунушталды. Жаза катары жеке жактарга 5 миң сом айып пул салуу же 5-7 суткага камоо каралган.

Ошондой эле аталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушунда коомдук тартипти сактоо же коомдук тартипти бузууга бөгөт коюу боюнча кызматтык милдеттерди аткарып жаткан бийлик өкүлүнө же башка адамдарга каршылык көрсөтүү менен өзүнүн кызматтык, кесиптик ишин же коомдук милдетин аткарып жаткан адамга карата жасалса, 50 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып салууга же беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазалоо каралган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты