Парламентте ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 4-декабрда, Жогорку Кеңештин жыйынында «Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө «Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Камила Талиева, Элдар Абакиров, Марлен Маматалиев, Шарапаткан Мажитова, Винера Раимбачаева, Чолпон Султанбекова, Динара Ашимова, Данияр Толонов, Талайбек Масабиров, Гүлкан Молдобекова, Айбек Маткеримов, Гүлшаркан Култаева, Эльвира Сурабалдиева, Нилуфар Алимжанова жана Чынберди Төлөнов.

Мыйзам долбоору тууралуу бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Данияр Толонов маалымат берди. 

Андан тышкары, жыйында «Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», «Стандартташтыруу жөнүндө» мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда жактырылды.

Сүрөт: Парламенттин жыйыны учуру. Депутат Талиева. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты