Парламентте доллардын курсу өсүп жатканы айтылды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 10-мартта, Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар депутаттар АКШ долларынын куну күн сайын өсүп жатканын тууралуу айтылды.

-Натыйжада базардагы баа жогорулап кетти. Андыктан, Министрлер кабинети каатчылыкка каршы программасын иштеп чыгып, алгылыктуу аракеттерди көрүшү керек, – деди депутат Өмүрбек Бакиров.

Ал эми депутат Тазабек Икрамов доллар менен насыя алган ишкерлер көп экенин белгиледи. Анын айтымында, экономикалык каатчылыкка байланыштуу бардык коңшу өлкөлөрдө пнтикризистик программалар кабыл алынган, Кыргызстан да тез арада тийиштүү программалык документти кабыл алышы керек.

Доллардын курсу бүгүн сомго карата 106 сом болду. Айрым банктарда 107 сомдон сатылууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты