Парламент Жээнбеков менен Зулпукаровду депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу маселесин карайт

  • 2 года мурун

Эртең, 1-декабрда,  Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтөрүн басма сөз кызматы маалымдады. Күн тартибиндеги маселелер арасында депутаттар  Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду  жана Бакыт Жетигеновду жазык жоопкерчилигиген тартууга макулдук берүү маселеси да киргизилген.

Буга чейин парламент Кумтөр иши боюнча айыпка шектүү Жээнбеков менен Зулпукаровду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүгө 26-ноябрда кворум топтой албай калган.  

Бишкектин Биринчи май райондук соту бийликти күч менен басып алууга шектелип жаткан депутат Бакыт Жетигеновду камакка алуу чечимин чыгарган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты