Бакытбек Жетигенов президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалды
- 3 недели мурун
Жетигенов Бакытбек Ош шаарынын мэри кызмат ордунан бошотулуп, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.
Бул тууралуу жарлыкка Садыр Жапаров кол койгону тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.
Буга чейин Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын мэри болгон. Ош шаарынын мэри болуп Жеңишбек Токторбаев дайындалды.
Ал эми буга чейин президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Уланбек Далиев башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду.
Сүрөттө: Бакытбек Жетигенов. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү