Парламент тарыхы, саясий коррупция, тышкы карыз, экономика ж.б. Президент жаңы депутаттар алдында сөз сүйлөдү
- 1 месяц мурун
- Баяндар
Садыр Жапаров бүгүн, 17-декабрда, Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын шайланып келген депутаттарынын ант берүү аземинен кийин сөз сүйлөдү.
“Бүгүн мен сиздердин алдыныздарга келип, сөз сүйлөп жаткан себебим, биринчиден, бул парламент жаңы мыйзам, жаңы эрежелер менен түздөн-түз элдин элегинен өтүп келген өзгөчө парламентсиңер. Экинчиден, сиздерди ант берүүңүздөр менен куттуктап, алдыда кандай кызматташууга барабыз, мына ушуларга азыноолак токтоло кетүүнү эп көрдүм” деди Садыр Жапаров.
Андан кийин президент Эгемендик алгандан берки парламент тарыхына токтолду.
Садыр Жапаров 2010-жылы өзү депутат болгон жылдарды да эскерди:
Саясий коррупция күч алды
-Мына ошол учурда, 2010-жылы, “Ата Журт” партиясын жетектөө менен экинчи жолу депутат болуп шайланып келдим. Мыйзам чыгаруу органынын ичинде кайнап, толгон-токой башаламандыкка, саясий коррупцияларга өз көзүм менен күбө болдум. Ошол кездеги Жогорку Кеңешке өткөн партиялар бири-бири менен соодалашып, өлкөнү үч партия үчкө бөлүп кетти. Анткени Баш мыйзам ушундай түзүлүп калган эле. Кызмат орундары соодалашуунун предметине айланып калган.
“Биздин партияга чуркаган” деген түркөй принцип менен диплому жок партиялык тарапташтар деле ар кайсы мекемелерге жетекчи, аким, мэр болуп дайындалышты. Кадр таптап өстүрүү дегенге таптакыр маани берилбей, кадр саясаты мурдакыдадан да болуп көрбөгөндөй кризиске кептелди.
Кызматтар кызылдай акчаларга сатылып, чыныгы кесипкөй, иш билги, мекенчил адамдардын келечегине балта чабылды. Муну эч качан жашыра албайбыз, анткени бул – ачуу чындык!
Саясий коррупция айылдык деңгээлге чейин түшүп кетти. Министрлер, премьер-министр баш болуп президентке эмес, Жогорку Кеңештеги фракцияларга баш ийишет эле. Ар бир депутат өкмөттүн, министрлердин үстүнөн өзүнчө президент болуп калышкан. Себеби өкмөт менен министрлерди депутаттар кызматка коёт эле. Анан кантип мамлекеттин иши алдыга жылсын?
«Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да депутат болуп жатышты»
-Ошентип, өлкөбүз 10 жыл бою фракциялардын кызыкчылыгындагы кызыл чеке талаш-тартыш менен бир орундан жылбай турду десек болот.Тилекке каршы, мына ушундай коррупциялык система 2020-жылга чейин гүлдөп келди, -деди президент.
Жыйынтыгында өзүңүздөр билгендей, мамлекетибиз чачырап кете жаздады. Партиялык системанын аброю түшүп, элдин жеке эле парламентке эмес, жалпы бийлик бутактарына ишеничи таптакыр өчүп калды. Партиялык тизмелер менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да депутат болуп жатышты. Шайлоо дегенде жамы журт иренжиген акыбалга кептелди.
Эгемендик алгандан тарта сөзүбүз менен ишибиз айкалышпай, эл арасында таасирин күчөтүү, упай топтоо үчүн саясатчылар, айрым депутаттар, популисттик билдирүүлөрдү жасоо менен алек болушту.
Ушул менин билдирүүм мамлекеттин эл аралык мамилелерине залакасы тийип калбайбы деп ойлошпой, өзүнүн жеке пиарын жасап, элге жакшы көрүнүп алсам болду деген саясатчылар дагы болду.
“Тиги депутат кыйын экен, бетке айтты, бул депутат кыйын экен, түкүнчө министрди жарга такады” деп, өз рейтингин гана көтөргөн пиарга жетиштик. Ошондой саясатчыларды көргөн кийинки муун куру кыйкырык, куу сүрөөнгө жетеленип, популист, демагог болуп тарбияланып чыгуу коркунучуна туш болду. Мамлекеттин өнүгүшүн, келечегин, эл аралык кадыр-баркын ойлогон, аны иш жүзүндө далилдеп аракет кылгандар абдан эле суюлуп, андан сырткары элибиз да кайдыгер абалда болуп, эч кимге ишенбей калды.
Мыйзамдарды жеке кызыкчылыгы үчүн жазган депутаттар болду.
«Айрым депутаттар мыйзам жазып, ири суммадагы акча алып турушту»
-Алар аз келгенсип айрым депутаттар ири суммадагы акча үчүн чет өлкөлүк уюмдардын кызыкчылыгына, айрым депутаттар болсо өзүбүздүн эле олигархтардан өтө чоң суммада акча алып алардын кызыкчылыгы үчүн мыйзамдарды жазып, кабыл алып берген учурлары да болгон. Муну саясий коррупция деп атап жүрөбүз.мМына ушунун баарына араңарда көптөн бери депутат болуп келе жаткан менин мурдагы кесиптештерим күбө, деди президент Жапаров.
“Кошуна өлкөлөрдөн артта калганыбыздын бир себеби кадр саясаты болгон”
-Ар бириңиздерден мамлекетчил болушуңуздарды суранаар элем. артта калганыбыздын бир себеби – бул кадр саясаты болгон. Эгемендик алгандан бери кадр өстүрүү маселеси таптакыр токтоп калган. Мамлекеттик кызматтарга жогору жакта тааныш-билиши же жакын туугандары болсо гана орношо алышчу. Ал кызматкерлер ошол кызматка татыктуубу же жокпу ал меселе эч кимди кызыктырчу эмес. Ошентип келип олтуруп, Эгемендик алгандан бери иш билги, кесипкөй кадрлардын баарын чет өлкөлөргө качырып алдык. Ушу тапта жакшы кадрларга муктаждык күндөн күнгө өсүп жатат.
«Акылман» мектебин ачтык»
Ошол себептен 2023-жылы атайын Жарлык менен Чолпон-Ата шаарында “Акылман” мектебин ачтык. Бул мектеп – өзгөчө мектеп. Бардык облустардан өзгөчө таланттуу, жөндөмдүү балдарды тандап алып, алардын интеллектуалдык, илимий жана чыгармачылык дараметин өнүктүрүп, андан ары өлкөбүздөгү жана дүйнөдөгү алдыңкы жогорку окуу жайларга жөнөтүү менен кесипкөй адистерди даярдап чыгаруу максатында окутуп жатабыз. Алар Жогорку окуу жайларды бүтүп келгенден кийин мамлекет аларды милдеттүү түрдө кызматка алат.
Бүгүнкү күндө Чолпон-Ата шаарында “Акылман” лицейинде өлкөнүн бардык аймактарынан тандалып келген 260 таланттуу балдар-кыздарыбыз окуп жатышат. Буюрса, жети облуста тең “Акылман” лицейлери болот. Азыркы учурда Таласта, Жалал-Абадда “Акылман” лицейлери курулуп жатат. Алдыдагы жылдарда Ош, Баткен, Чүй, Нарын облустарында курулат. Ар биринде 300 балага чейин окушат.
“Мурдагы парламенттер учурунда, бир терс адат бар эле”.
-Мурдагы парламенттер учурунда, бир терс адат бар эле. Ал убакта парламенттик система болчу.
Баары фракцияларга баш ийишчү. Депутаттар дагы Министрлерге же жергиликтүү жетекчилерге кайрылып, “баланчаны түкүнчө кызматка коюп бер, мага чуркады эле” же “жакыным эле” деп буйрук берүүлөр кадимки эле көрүнүшкө айланып калды. Аткарбай койгон мамлекеттик кызматкерлердин кичинекей бир кемчилигин таап алып, аны трибунадан тоодой кылып көтөрүп чыгып, сындап киришет эле. Мына ушундай туура эмес жолго сиздер түшпөсөңүздөр,-деди Садыр Жапаров.
Туура, идеалдуу жетекчилер жок, баарыбыз жаңылышабыз. “Иштебеген киши жаңылышпайт” деген сөз бар элибизде. Олуттуу кемчиликтери болсо сындагыла,сындан адам оңолот.
Ошол эле маалда силер сындаган жетекчилердин коррупциялык иш-аракеттери же мамлекеттин казынасына кол салган учурлары болсо, ачык далилдер менен айтып чыгыңыздар. Биз силерге рахмат деп гана айтабыз. Коррупция кылган чиновник болсо ким болбосун, аларды аябайбыз.
Тескерисинче, биз өзүбүз коррупционерлер менен уурулардын артынан сая түшүп, жазалап жатабыз. Аны баарыңыздар эле көрүп жүрөсүздөр. Эгер коррупционерлердин бетин ачып берген болсоңор, биз албетте, кош колдоп колдойбуз,-деди Жапаров.
-Ушу тапта Бирдиктүү кадрлар резервинде 590 адис катталып турат. Биз бошогон орундарга алардын арасынан сынак аркылуу иргеп алып жатабыз. Тааныш-билиш менен кызматка орношуу жолун таптакыр жок кылганга чейин ушул аркетибизди уланта беребиз.
«Депутаттардын дагы бир терс көрүнүшү»
-Депутаттардын дагы бир көндүм адат болуп келген терс көрүнүшү тууралуу айта кетейин. Министрлер Кабинетинин отчётун кабыл алууда же республикалык бюджетти бекитүүдө айрым эл өкүлдөрү ачык эле соодалашууга барышат. Маселен, “Менин айылыма 1 км жолду асфальттап бер, болбосо отчётуңа каршы добуш берем” деп коркутуп-үркүтөт. Ошентип, натыйжада 1 км жол асфальтталып кеткен учурлар көп болгон. Мен мындай иштерге таптакыр тыюу салдым_-деди президент.
“Шайлоого келген элдин саны аз болду”
-Кечээги өткөн шайлоодо дагы бир катар кемчиликтер оркоюп чыгып калды. Адегенде эле шайлоого элдин катышуу санын алалы. Биз шайлоону ачык-айкын, электрондук добуш берүү, аралыктан шайлатуу сыяктуу шарттарды түзүп бергенибизге карабастан, шайлоого келген элдин саны аз болду. Албетте, буга чейинки шайлоолорго салыштырмалуу бул шайлоого 200 миң адамга көбүрөөк келди. Бирок биз түзүп берген шарттардан кийин элдин катышуусу активдешет, 70%га чыгат деген үмүтүбүз, болжолубуз бар эле.Тилекке каршы, андай болгон жок, -деди Садыр Жапаров.
-Урматтуу эл өкүлдөрү, бул маселени жон териңиздер менен өткөргөн эл өкүлдөрү катары мыйзам долбоорун демилгелөө жагын карап көрсөңүздөр. Маселен, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө шайлоого катышуу жарандарына мыйзам чегинде милдеттендирилген. Анын негизинде шайлоого катышуу рейтинги жогорулагандан кийин гана ал мыйзамдардын зарылчылыгы болбой калган, мисалы Түркияда ошондой болгон экен.
Мындай мыйзам Сингапурда азыр дагы иштеп турат. Аларда ар бир жаран шайлоого катышууга милдеттүү. Эгер жаран шайлоого катышпаса, кийинки шайлоого катышуу укугунан ажыратылат экен. Биз ар дайым эл аралык ийгиликтүү тажрыйбаларга таянышыбыз керек. Аларды биздин элдин менталитетине ылайык келтирүү менен пайдалануубуз зарыл.
Эң башкысы саясий коррупция ушул жаңы система менен тыйылды десек болот. Коррупция демекчи, биз ага каршы аёосуз күрөшүп келебиз. Мындан ары бул күрөштү бирге уланталы.Эгерде сиздерде өнүгүүгө кедергисин тийгизип келе жаткан бул илдет боюнча маалыматыңыздар болсо ачык эле айтып туруңуздар.
Бүгүнкү күндө Өкмөттүн деңгээлинде коррупциялык жат көрүнүштөрдү жок кылдык. Бирок, тилекке каршы, ылдый жакта, акимчиликтерде, мэрияларда, айыл өкмөттөрүндө бул илдеттен арыла албай келе жаткандыгы өкүндүрөт. Токмок, Кара-Балта шаар мэрлеринин иш-аракеттери буга мисал.
Дагы бир факты. Новопавловка айыл өкмөтүндө бир эле паркты кайра-кайра жасадык деп 3 жыл катары менен отчётто көрсөтүп акчасын жеп жүрүшкөн. Бирок парк жасалган эмес. Мындан ары мындай коррупциялык иштерди жасаган жетекчилер аёосуз жазаланышат, -деп белгидежи Жапаров.
-Эл аралык байкоочулар менен жолугушканымда келечекте добуш берүүнү онлайн форматта, үйдө олтуруп эле интернет аркылуу добуш беруу жагын ишке ашырууга аракет кылабыз деген сөздү айткан элем. Байкап көрсөм, мындай жакшы ниеттеги аракетибиз өз максатына жетпей, тескерисинче, добуш сатып алууга жем болуп калчудай экен. Себеби, өзүнө ишенбеген, ниети бузук талапкерлердин жана алардын үгүтчүлөрүнүн үймө-үй кыдырып, добуш сатып алышына жеңил шарттар түзүлүп калчудай. Мен эл аралык байкоочуларды шайлоонун эртеси эртең менен эле кабыл алган элем да. Ошондуктан, видео- материалдарды көрүүгө убактым жете элек эле.
Кечинде үйгө келгенимде, мага келген маалыматтарды карап олтуруп, добушун сатып аткандар менен сатып алып жаткандарды көрүп, төбө чачым тик турду.Мына ушундан улам, бизге интернет аркылуу үйдөн добуш берүү ыкмасына өтүү эрте экенине ынандым.
Ал эми азыркы Шайлоо кодексиндеги кемчиликтерге тиешелүү түзөтүүлөрдүжана толуктоолорду киргизүү боюнча иш алып бара берели.
«Дүйнө жүзүндө экономиканын өсүү темпи боюнча алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирдик»
-Аларды ишке ашыруу үчүн көптөгөн ири долбоорлорду баштадык. Мындай мүмкүнчүлүктөрдү туура, өз максатында, өз учурунда пайдаланып калалы. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, биз ушу тапта экономиканын өсүү темпи боюнча дүйнө жүзүндө алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирдик.
Кыргызстандын ички дүң продукциясынын өсүү темпи 10% менен бара жатат. Консолидацияланган бюджет жыл соңуна чейин 1,2 триллионго чыгат деп турабыз. Эгерде мурда, 2020-жылда тышкы карызыбыз ички дүң продукцияга салыштырмалуу 54 пайызын түзсө, бүгүнкү күндө тышкы карыз ички дүң продукциянын 25 пайызын түзүп, оң натыйжалар менен баратабыз. Көрүнүп тургандай, бул жерде өлкөнүн экономикалык кызыкчылыгына коркунуч келе турган эч нерсе жок.
«Тышкы карыздарыбызды керек болсо, бир күндө төлөп салск болот»
Тышкы карыздарыбызды керек болсо бир күндө төлөп салсак болот.Бул үчүн каражаттарыбыз жетиштүү. Бирок ал карыздарды алган учурдагы келишимдер боюнча эрте төлөп салуу бизге пайдасыз болуп чыкты. Келишимдерде убагынан эрте төлөсөк үстөк пайыздары көбөйөт, айып пул кошулат деген сыяктуу шарттары бар экен.Ошондуктан карыздарды ар жылдын аягында канча төлөш керек болсок ошончо суммада төлөп кете беребиз.
Ошентип, 2035-жылдарга барып илгертен бери алган карыздарыбыздан жеңил эле кутулабыз.
Беш жыл мурда эле тышкы карыздан кутулуш үчүн шакек, иймектерибизди чогулталы деп жүргөн кезибиз эсиңиздерде болсо керек?
Өлкөбүздүн алтын валюта запасы үстүбүздөгү жылы 8 жарым миллиард долларды түздү.
«Алтын валюта запасы 8 млрд доллар болду»
Эске сала кетсем, 2020-жылы Кыргызстандын алтын валюта запасы болгону 2 миллиард доллардан бир аз ашык болчу. Азыр сегиз жарым миллиард доллар болду. Кыска убакыттын ичинде 6 миллиарддан ашык долларга көбөйтө алдык, -деди президент Садыр Жапаров.
Акырында VIII чакырылыштын депутаттарына байсалдуу жол каалады.
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы




