Парламент мыйзам долбоорлорун кабыл алды. Президент кол койсо, УКМК жарандарды тыңшай баштайт  

  • 2 года мурун

Бүгүн, 25-майда, Жогорку Кеңештин депутаттары үчүнчү окууда Улуттук коопсуздук органдары боюнча бир катар мыйзам долбоорлорун кабыл алды. Кабыл алынган мыйзам долбоорлоруна Президент кол койсо,  УКМКга жарандарды соттун чечими жок эле тыңшоого жана тасмага тартууга уруксат берилет.

Үчүнчү окууда кабыл алынган мыйзам долбоорлорунун арасында  Кыргыз Республикасынын өкмөтү демилгелеген төмөндөгү мыйзам долбоорлору бар:

“Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” мыйзам долбоору ;

“Контрчалгындоо иши жөнүндө” мыйзамдын долбоору;

“Тышкы чалгындоо иши жөнүндө” мыйзамдын долбоору ;

“Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору;

“Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды.

Кабыл алынган “Контрчалгындоо иши жөнүндө” мыйзамдын долбооруна Президент кол койсо, улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) жарандардын жекече турмушун тыңшап, жашыруун камера кое баштайт.

Сүрөт: ЖК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты