Парламент милицияны сүрөт-видеого тартууга тыюу салуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 28-ноябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун кабыл алды.

Мыйзам долбоорун депутаттар Сүйүн Өмүрзаков, Винера Раимбачаева, Алишер Эрбаев, Кундузбек Сулайманов жана Ырыс бек Атажанов демилгелеген.    

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Сүйүнбек Өмүрзаков мыйзам долбоору кызматтык милдетин аткарууга тоскоол болгондорго, коомдук тартипти сактоого багытталганын билдирди.

Депутат Өмүрзаков мыйзам долбоорунун концепциясын биринчи окууда кабыл алып, сунуш-пикир-өзгөртүүлөрдү кийинки окууларда киргизсе болорун кошумчалады.

Депутат Дастан Бекешев мыйзам долбооруна каршы экенин билдирди:

«Бул жерде так жазылган эмес. Өтө көп кайчы пикирлер жазылган. Азыр жарандардын колунда болгону бир гана куралы — телефону калды. Эми аны да алабыз дегениңер туура эмес, мен колдой албайм»деди депутат.

Кыргызстанда коомдук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерин аткарып жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын ишине мыйзамсыз кийлигишип, фото жана видеого тартып, алардын ишин каралоо максатында материалдарды интернет сайттарга жарыялоого тыюу салуу сунушталды. Жаза катары жеке жактарга 5 миң сом айып пул салуу же 5-7 суткага камоо каралган.

Ошондой эле аталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушунда коомдук тартипти сактоо же коомдук тартипти бузууга бөгөт коюу боюнча кызматтык милдеттерди аткарып жаткан бийлик өкүлүнө же башка адамдарга каршылык көрсөтүү менен өзүнүн кызматтык, кесиптик ишин же коомдук милдетин аткарып жаткан адамга карата жасалса, 50 миң сомдон 200 миң сомго чейин айып салууга же беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазалоо каралган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты