Парламент комитети жалган жалаа жана маалымат тараткандарга, ЖМКга салына турган айыпты азайтууну сунуштады
- 3 недели мурун
Бүгүн, 26-ноябрда, Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү комитетинде жалаа жабуу жана мазактоо үчүн салына турган айыпты азайтуу жагы каралды. Мыйзам долбоору комитетте экинчи окууда кабыл алынды.
Мыйзам долбоорунун экинчи окуусунда жалган маалымат тараткан адамдарга айып 20 миң сом, ЖМКларга 65 миң сомго түшүрүү жагы сунушталды.
Министрлер кабинети Интернеттеги жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалаа жабуу жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Документ Жогорку Кеңештин сайтында 25-июлда коомдук талкууга коюлган. Министрлер кабинети Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, жеке адамдарга 1000 эсептик көрсөткүч – 100 миң сом, ишканаларга 2000 эсептик көрсөткүч – 200 миң сом айып пул салууну сунуштады.
Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде коомчулукта талкуу жараткан Интернет жана ЖМК аркылуу жалаа жабууга, мазактоого айып салган мыйзам долбоору тууралуу мындай деген:
«Бул мыйзамды Маданият министрлиги сунуштаган экен. Мен кечээ социалдык түйүндөрдө талкуу болуп жаткандан кийин билдим. Менин оюмча, кайра чакыртып алыштын кереги жок. Анткени бул азырынча долбоор гана. Ошол эле депутаттар же ММКлар болобу, сунуштарын берсин, алымча-кошумча кылышсын. Мен дагы 100 миң, 200 миң айып пул салуу дегенге каршымын. Муну парламенттин кароосуна коюш керек. Канча айып пул салыш керек аны депутаттар чечет» деди президент.
11 жалпыга маалымдоо каражаты (ЖМК) Интернеттеги жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалаа жабуу жана мазактоого айып пул салган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууну уюштурууну өтүнүп, Жогорку Кеңештин (ЖК) төрагасына кайрылуу жасашкан.
11 ЖМК кайрылууда кылмыш-жаза кодексине жаңы 107-1-берене — «ЖМКда, интернеттеги веб-сайтта же интернеттеги сайттын баракчасында камтылган жалган жалаа жана мазактоо» беренесин киргизүү сунушталган «Жоруктар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууну уюштурууну өтүнүшкөн.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан