Парижде антисемитизмге каршы жүрүш өттү

  • 6 месяцев мурун

12-ноябрда Франциянын борбору Париж шаарында миңдеген адам антисемитизмге каршы жүрүшкө чыкты. Ага француз премьер-министри Элизабет Борн баштаган расмий жетекчилер, ошондой эле өлкөнүн мурдагы президенттери Николя Саркози менен Франсуа Олланд сыяктуу саясатчылар катышты.

Жүрүшкө Франциянын азыркы президенти Эммануэл Макрон катышкан жок. Бирок ал ишемби күнкү билдирүүсүндө француз элин антисемитизмдин кайра күчөгөнүн айыптоого чакырган.

Жүрүш маалында Парижде коопсуздукту камсыздоого 3 миңдей полиция кызматкери тартылды.

Француз полициясы билдиргендей, 7-октябрда Израил менен Газадагы ХАМАС радикал тобунун (АКШ менен Евробиримдик террорчул уюмдардын катарына кошкон) ортосунда согуш тутангандан бери Францияда жөөттөргө каршы 1 247 акт катталган. Бул 2022-жылдын ичиндеги мындай окуяларга салыштырмалуу үч эсе көп.

Бир күн мурда Франциянын Париж жана Марсель сыяктуу бир нече шаарында миңдеген адамдар Газадагы согуштук аракеттерди токтотуу талабы менен жүрүшкө чыгышкан. Алар Палестинанын желегин булгалап, француз өкмөтүн Израилдин Газадагы бомбалоолорун токтотууга көмөктөшүүгө чакырышкан.

Газадагы палестиндерге тилектештик билдирген ири жүрүш 11-ноябрда Британиянын баш калаасы Лондондо да өттү. Ага 300 миңдей адам катышканы белгилүү болду. Чогулгандар Лондондогу Гайд-парктан АКШнын элчилигин көздөй 5 чакырымдай жол басышты.

Газада согуш башталганына беш жумадан ашты. ХАМАС радикал тобунун жоочулары 7-октябрда Израилдин шаар-кыштактарына Газа тараптан чабуул коюп, 200дөн ашуун кишини барымтага алып кетишкен. Расмий Тель-Авив ХАМАСтын чабуулунан Израил тарапта 1 200дөн ашуун киши өлгөнүн маалымдаган.

Сүрөт: Reuters

Израил өлкөдө согуштук абал жарыялап, ХАМАСтын кол салуусуна жооп катары Газа тилкесинде аба чабуулдарын жана бомбалоолорун баштаган. ХАМАС башкарган Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 7-октябрдан бери тилкеде 11 миңден ашуун адам мерт болду. Алардын 4 500дөйү балдар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты