Пара талап кылуу фактысы менен тергөөчү кармалды

  • 2 года мурун

28-июлда ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы менен бирге 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн бергөө кызматынын тергөөчүсү Ж.Т.С. жана кылмыш издөө бөлүмүнүн кызматкери Б.Т.С. кармалды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Тергөөчү Ж.Т.С. тергөө алдындагы текшерүү материалдарын токтоткондугу үчүн чет элдик жаран К.М.П.дан 2 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгү (пара талап кылуу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Ленин районунун ИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсү жазык-процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренесинин негизинде кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты