“Панфилов” сейил багындагы “Тай Брейк” теннис аянтчасы жайгашкан жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
- 1 месяц мурун
Бишкектин Панфилов атындагы сейил жактагы жалпы аянты 0,48 га болгон муниципалдык жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлееттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан токтом чыгаруу жолу менен жеке адамдарга мыйзамсыз жер тилкесин алып чыгуу боюнча коррупциялык схеманы айрым аткаминерлер уюштургандыгы такталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында жалпы суммасы 268 млн 900 миң сомду түзгөн, 0,48 га муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз ээлеп алуу боюнча кылмыш схемасына тиешеси бар адамдар аныкталган.
Көрүлгөн чаралар менен соттун чечимине ылайык, жогоруда аталган спорт комплекси мамлекеттин менчигине өткөрүлдү.
Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы