Панфилов районунда пайда көрүү үчүн рецепттер маркумдардын атына жазылып жүргөндүгү аныкталды

  • 1 год мурун

Чүй облусунун Панфилов райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунда 2022-жылдын 9 айында электрондук рецепт маалымат тутумун пайдаланып, жалпы суммасы 3 млн 840 миң 304 сомдук 3657 электрондук рецепттер, анын ичинде 66 рецепт маркумдардын атына жазылганы аныкталган.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле калкты жеңилдетилген баада дары-дармек менен камсыздоо программасын ишке ашырууга катышкан дарыканалардан 3657 электрондук рецепт боюнча дары-дармек мыйзамсыз берилген.

Анын натыйжасында милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тарабынан жалпы суммасы 3 млн 840 миң 304 сом өлчөмүндөгү каражат фармацевтикалык компанияларга которулуп берилген.

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) жана 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты