Пандемия учурунда курман болгон медицина кызматкерлерине эстелик ачылды

19-октябрда коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдө курман болгон медициналык кызматкерлерге жана медициналык жогорку окуу жайлардын студенттерине арналган эстелик ачылды.  

Эстелик Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын башкы корпусунун жанындагы гүл бакчада орнотулган. 

 Иш-чаранын катышуучулары, курман болгон дарыгерлердин туугандары жана кесиптештери, медицина кызматкерлери эстеликке гүл коюшуп, курман болгондорду бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришти. Андан соң Кыргыз Республикасынын гимни жаңырды.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов катышты.  

Пандемия мезгилинде 6 миңден ашуун медицина кызматкери коронавирус инфекциясы менен ооруп, анын 123ү каза болгон, анын ичинде 79 дарыгер жана 44 орто медициналык персоналдын өкүлдөрү бар. Эстелик ыктыярдуу  чогултуу каражатына тургузулган.

Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты