Пакистанда мечиттеги жардыруудан кеминде 30 киши набыт болгону кабарланды

  • 2 года мурун

4-мартта Пакистандын Пешавар шаарындагы мечитте жардыруу болду. Теракттан кеминде 30 киши каза таап, 50дөй адам жаракат алганы кабарланды.

Пешавар шаарындагы оорукананын өкүлү Мухаммад Асим жаракат алгандардын абалы оорлору көп экенин белгилеп, курмандыктар дагы өсүшү мүмкүндүгүн маалымдады.

Расмий маалыматта айтылгандай, эки жанкечти-террорчу мечитке киргенге чейин полиция кызматкерлерин аткылашкан. Алардын бирин өлтүрүп, андан соң намаз учурунда мечитте өздөрүн жардырып жиберишкен. Чабуулга эч бир топ жоопкерчилик ала элек.

18-февралда Пакистандын Карачи шаарында белгисиз жарандар Атар Матин аттуу телепродюсерди атып кетишкен. Ага чейин, 20-январда өлкөдөгү экинчи чоң шаар Лахордогу базарда жарылуудан эки адам мерт болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты