Отчёттуулук жүгүн жана формаларын кыскартуу сунушталууда
- 1 неделя мурун
Отчеттуулуктун жүгү жана формалары кыскартылат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында мамлекеттик түзүлүштү бюрократиядан арылтуу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын экинчи отурумунда айтылды.
Санариптик дистанттык билим берүүгө өтүү сунушталып, мугалимдердин отчеттук жүгү 75%га кыскарат.
Ошондой эле чет өлкөлүк ЖОЖдордун PhD даражаларын таануу процедураларын жөнөкөйлөштүрүүнүн максатка ылайыктуулугу саналат: Илимдин доктору даражасына эквиваленттүүлүк ТОП-100гө кирген ЖОЖдун диплому, ал эми илимдин кандидаты илимий даражасына – дүйнөнүн ТОП-200 рейтингине кирген университеттин диплому болгондо таанылат.
2025-жылдын аягына чейин отчеттуулуктун формаларын 257ден 137ге чейин кыскартуу, эгерде алар “Түндүк” системасында болсо, маалыматтарды кайра чогултууга тыюу салуу, аймактык статистика бөлүмдөрүн жоюу жана толугу менен электрондук системага өтүү пландаштырылууда.
Мамлекеттик органдарда штаттык кыскартуулар сунушталат. Үнөмдөлгөн каражат кызматкерлерди сыйлоого жана эмгек шарттарын жакшыртууга жумшалат.
Энергетика, транспорт жана коммуникациялар, социалдык коргоо жана миграция министрликтеринин орун басарларына бюрократиядан арылуу чараларын ишке ашырууга жетишерлик катышпаганы үчүн оозеки сын-пикирлерин айтты.
Буга чейин юстиция министри Аяз Баетов айкалыштырып иштөө менен президентке караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору болуп дайындалганhttps://pk.kg/news/inner/justiciya-ministri-baetov-ajkalyshtyryp-isht-menen-strategiyalyk-demilgeler-institutunun-direktoru-bolup-dajyndaldy/.
Бул чара мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча милдеттерди ишке ашыруунун алкагында ишке ашырылганы айтылды.
Мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара аракеттенүүсүн координациялоо жана камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктарды жүктөө менен 2025-жылдын 1-октябрына чейинки мезгилде Баетовго Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын статусу берилмекчи.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
