Оштун судьясы жана прокуратура кызматкери кармалды
- 11 месяцев мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Ош шаардык сотунун судьясы С.Р.Ш. жана Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери И.С.К. (ортомчунун ролун аткарган) тарабынан пара талап кылуу фактысы аныкталды.
УКМК басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, С.Р.Ш. жана И.С.К.га чара көрүү жөнүндө бир жаран арыз менен кайрылган. Анда Ош шаардык сотунун судьясы С.Р.Ш. арыз ээсинин жазык иши боюнча оң чечим чыгаруу үчүн 4 000 АКШ доллар каражатын опузалап талап кылгандыгы айтылган.
29-июлда прокуратура кызматкери И.С.К. арыз ээсинен пара катары акча алып жаткан жеринен кармалган. Ошол эле күнү Ош шаардык сотунун судьясы С.Р.Ш. батирине жашынып, дааратканада мурда пара катары алган акчасынын бир бөлүгүн өрттөп жиберген. Бул фактынын негизинде соттук-химиялык жана соттук-техникалык-криминалистикалык экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгында АКШ доллары түрүндөгү чет элдик банкноттор бар экендиги тастыкталган. 2025-жылдын 29-августунда Судьялар кеңеши С.Р.Ш. аттуу судьясын кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.
Ош шаардык сотунун судьясы С.Р.Ш. жана Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери И.С.К. кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттары (опузалап пара талап кылуу) менен айыпталып, тергөө аяктаганга чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.


Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




